Жаңылыктар
"Жерүй" пайдасы элге
Аймак
"Жерүй" пайдасы элге

 Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылы катары жарыялангандан тарта, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу өнүгүүдө. Алардын катарында “Жерүй” долбоору да бар. Бул долбоорго Россиянын "Альянс Групп" компаниясы каражат бөлгөн. Ал кенди пайдалануу укугу үчүн 100 миллион долларга лицензия алган. 

Долбоор эң ириде облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталгандыктан, ишкананын эсебинен «Бакыбат Талас» фонду түзүлүп, дубандын өнүгүүсүнө ар кыл багытта жардам берип келет. 

5 жыл аралыгында социалдык пакет үчүн фондго 450 млн сом каражат бөлүнгөн. Каражаттын 40 пайызы социалдык маселелер үчүн гранттык негизде берилсе, 60 пайызы жеңилдетилген насыя катары каралган.