Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору демилгеленип, учурда коомдук талкууга коюлган. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам буга чейин 2014-жылы да көтөрүлүп, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес. Анда аларга “чет элдик агент” деген макам берүү маселеси козголгон. Ал эми жаңы мыйзамда коммерциялык эмес уюмдардын каржылык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо милдети гана көтөрүлүп жатат.