Жаңылыктар
Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча кылмыш иши каралды
Кылмыш
Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча кылмыш иши каралды

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча кылмыш иши каралды. Жараянда Зилалиевдин үйүн оңдогон прораб көрсөтмө бергенин соттук органдын маалымат кызматы билдирди. 

Ал каржылоонун жоктугуна байланыштуу оңдоо иштери толук аягына чыкпаганын айткан. Андан сырткары, күбөгө аткарган жумушу үчүн 200 миң сомдой акча төлөнбөгөнүн билдирген. Башкы прокуратура Зилалиевге карата "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.