Жаңылыктар
Бразилияда дарыя ташып, катуу сел жүрдү
Дүйнө
Бразилияда дарыя ташып, катуу сел жүрдү

Бразилияда бир жумадан бери жааган жамгырдан дарыя ташып, катуу сел жүрдү.

Казакстанда болуп жаткан суук аба-ырайы мындан 56 жыл мурда болгон  тарыхты жаңылады.

Жунгли токоюнда адашып 1 айдан ашык жүргөн эне-балдар табылды.

АКШда 10 жылдан бери башы ооруп жүргөн адамдын мээсинен курт алынды.


Бразилияда бир жумадан бери жааган жамгырдан дарыя ташып, катуу сел жүрдү. Анын кесепетинен 50дөн ашык киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан 52 киши каза болуп, 1 киши дайынсыз болууда. Андан сырткары, дагы 65 киши ар кандай жаракат алып, миңдеген адам үй-жайсыз калган.Кырсыкка Мундау дарыясынын ташуусу себеп болуп, жакын жайгашкан Алагоас жана Пернамбуку штаттарын кыйраткан.

"Алагоас  штатындагы 12 миң адам жашаган Бранкинья шаарынын инфраструктурасы толук  талкаланды. Темир  жол, жолдор, банк, чиркөө, үйлөрдүн таш-талканы чыкты. Эми шаарды дарыядан алыс  болгон башка аймакта кайра курууга туура келет", - деп билдирген шаар мэри.

2020-жылдын январь айында Нур-Султан шаарына түшкөн кар мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады. Бул туурасында Казакстандын басылмалары жазды. Учурда кар аралаш бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда. Казгидромет борбору абал февраль айында өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирди. Анткен менен кар улам жаап, аны бороон-чапкын коштоору айтылды.Борбордук акимиаттан 28-январда карды тазалап жана ташып чыгуу үчүн 1 159 атайын техника пайдаланылып, 1 435 жумушчу ишке чыккан. 29-январда 25 391 куб метр кар чыгарылган.Жакынкы үч күндүн ичинде Казакстанда абанын температурасы -30 градуска жетиши күтүлүүдө. Өлкөнүн борборунда аба ырайы 26-январь күнү кечке маал бузулган. Тагыраагы, дароо бороон башталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен. Мындан улам коңшу мамлекетте 27-январдан тарта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Коммуналдык кызмат кыштан бери 2,5 миллионго жакын куб көлөмдөгү карды ташып чыгарган.


Перу аймагындагы жунгли чытырман токоюнан 34 күн дегенде 3 баласы менен адашып кеткен аял табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял 10, 12, 14 жаштагы балдары менен Перудан алыс болгон аймакка балдардын атасы менен жолугууга жол тарткан. Алар Путумайо дарыясына жакын жунгли токою аркылуу өтмөкчү болуп, адашып кеткен. Эне менен балдардын жоголгону тууралуу маалымат 19-декабрда чыккан. Алар бир ай бою жол жүрүп, Эквадордун чек арасынан өтүп, Перунун аймагына келип калышкан. Курсактары ачып айла жок калганда жапайы мөмө-жемиштерди, ар кандай үрөндөрдү жеп жүрүшкөн. Алсырап, жүдөгөн апасы менен балдарын 34 күндөн кийин секоя элинин индейлери тапкан.

"Суу  жок болуп калганда жарым саат сайын алсыз болуп кулап жаттык. Кыздарымдын басканга алы келбей шалдырап,  аларга карап токтоп жатып жолубузду уладык", - дейт жоголгон аял.

Индейлер жоголгондор тууралуу Перунун аскер кызматына кабар берип, куткаруучулар колумбиялык Пуэрто-Легисамо шаарына жеткиришкен.


АКШнын Техас штатынын жашоочусунун мээсинен курт алынганын чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Ага ылайык, жерлиги мексикалык болгон Жерардо аттуу адам 10 жылдан бери баш оору менен жабыркап келген. Дарыгерлерге көрүнгөнү менен баш оорусунун себеби аныкталган эмес, бул убакыт ичинде ал баш ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди ичип жүргөн. Оору убактылуу басылганы менен кайра кайталана берген.Кийин АКШда жашап жүрүп, футбол аянтчасында эсин жоготуп жыгылган. Ооруканага жеткирилгенден кийин дарыгерлер анын мээсинде кандайдыр бир зат бар экенин аныкташкан. Анын башын аппаратка тартышканда белгисиз зат курт экени белгилүү болгон. Дарыгерлер ага оор операция жасап, мээсинен 4 сантиметр узундуктагы куртту алып чыгышкан.

"Операциядан кийин  Жерардонун абалы жакшы болуп, баш оорусу кайталанбай калган. Буга чейин  жумушунан да аксап келген болсо, эми жакшы иштей баштаганын айткан. Ал эми анын  мээсиндеги курт Мексикадан жеген чочконун этинен улам пайда болгон деген  божомолду айтышкан. Айтымында, эт чала куурулган болушу мүмкүн. Анын бир тууган  эжесинин мээсинен да бир канча жыл мурун курт алынган. Экөө ал этти чогуу  жешкенин айтышкан. Дарыгерлердин айтымында, курттун мээге өтүп кетиши чанда кездешчү  жагдай. Курт организмге киргенден кийин чоңураак көлөмгө жетмейинче оору көп  билинбейт, ал чоңоюп кетсе ден соолукка оор залал келтирерин айтышкан", - деп жазылат маалыматта.

Урмат Жээнбеков,  “Биринчи радио”