Жаңылыктар
ЮНИСЕФ менен кызматташуунун келечеги талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
ЮНИСЕФ менен кызматташуунун келечеги талкууланды

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен кызматташуунун келечегин талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчынын Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана «Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыктын өзөктүү багыттарын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Досалы Эсеналиев мамлекет башчысынын колдоосу менен өткөн жылы ЮНИСЕФ менен бирге балдарга каршы зомбулукту болтурбоо боюнча „Тумар“ компаниясы ийгиликтүү өткөнүн, ошондой эле Өкмөт тарабынан балдар үйлөрүнүн санын кыскартуу жана балдарды үй-бүлөлөргө кайтаруу боюнча чоң иштер жасалганын белгиледи.

Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү балдарды колдоо жана коргоо саясатына колдоо көрсөтөрүн билдирип, бул багытта жигердүү жана конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенин кошумчалады.

«Балдар өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыгы экени абдан маанилүү. Биз бул жолугушуу Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында берилген убадалардын уландысы жана аткарылышы деп ишенебиз. Биз ар бир бала үй-бүлөдө жашоого укугу бар жана ал үй-бүлөдө жашашы керек дегендин маанисин өзгөчө баалайбыз»,- деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.