Жаңылыктар
“Жаңы китеп” мекемеси китептердин маалыматтык системасын түзүүдө
Билим
“Жаңы китеп” мекемеси китептердин маалыматтык системасын түзүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын өздүк идентификациялык номуру эмне үчүн чогултулуп жаткандыгын түшүндүрдү. Анда Министрлик 2019-жылдын 25-ноябрындагы буйругуна ылайык, “Жаңы китеп” мекемеси китептерди башкаруунун маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Анын алкагында эки маалымат базасы болушу шартталган. 

Биринчиси – китептер жана китеп фонддору боюнча, экинчиси – ижарага китеп алып окуп жаткан окуучулардын маалымат базасы. Бул базаларга балдардын өздүк индентификациялык номери киргизилет. Ал аркылуу окуучунун  социалдык абалын, китеп менен камсыздалганын көзөмөлдөп, тийштүүсүнө жеңилдиктерди берүүгө мүмкүн болоорун, адистер белгилешет. Бирок ата-энелердин айрымдары бул тууралуу кенен маалыматтын жогунан “Биринчи радиого” кайрылгандары дагы бар. Кененирээк аудиодон укса болот.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"