Жаңылыктар
Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Кылмыш
Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ош шаарында атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармалгандар Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Төртөө Ош облусунун, бирөө Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаары аныкталды. 

"Учурда Жазык кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки иш ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталды. "Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн кимисинин канчалык деңгээлде кылмышка тиешеси бар же жоктугу аныкталат. Сотко чейинки өндүрүш боюнча кеңири маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат маалыматта.