Жаңылыктар
Тоо-кен тармагындагы кемчиликтер
Коррупция
Тоо-кен тармагындагы  кемчиликтер

Кыргызстан былтыр таза алтын өндүрүүдө эң жогорку көрсөткүчкө жетти. 2019-жылы 26 тонна алтын өндүрүлүп, эгемендик жылдардагы рекорд жаңыланды. Былтыр кен иштетүүдөн бюджетке салык катары 13 млрд сомго жакын каражат түшкөн. Бирок, Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынында өлкө башчысы тармактагы аткарылбаган иштер, алешемдиктерди атады. Кен иштетүүнү тескеген мекеме жетекчилерине эскертүүлөр берилди. Коопсуздук кеңешинин былтыркы жылдын башында өткөн жыйынында да президент тармакты катуу сынга алган болчу.


Мындан туура бир жыл мурда, дал ушул күнү Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, күн тартибиндеги негизги маселе катары Тоо-кен тармагы каралган. Өлкө башчысы кен иштетүү жаатында чечилбеген көйгөйлөрдү, өлкө аброюна көлөкө түшүрүп, тармакка тамырын кенен жайган жемкорлукту катуу сынга алган. Кен иштетүүгө берилген эсепсиз лицензиялар, уруксат берүүдөгү коррупциялык схемалар аталган.



Президент жаратылыш ресурстарын тескеген бул тармакты реформалоо учур талабы экендигин айтып, санариптешүү саясатын киргизүү менен жемкорлукту, баш аламан саясатты токтотуу керектигин белгилеген. Отурумдун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынып, ага өлкө башчысы кол койгон. Ар бир мекеме аткаруусу керек болгон иштер так жана даана көрсөтүлгөн.


Ушул жылдын 24-январында Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Күн тартибине кирген башка маселелер менен бирге тоо-кен тармагы кайрадан каралды. Былтыркы отурумдун жыйынтыгы менен коюлган тапшырмалар, аткарылган иштер боюнча баяндама жасалды. Президент тармакты реформалоо боюнча иштер зарыл болгон деңгээлде аткарылбай жаткандыгын айтты. Коюлган жалпы милдеттердин 53 гана пайызы аткарылганын белгилеп, бул дээрлик иш ордунан жылбай тургандыгынан кабар берерин кошумчалады.