Жаңылыктар
Президент КЭРдин тышкы иштер министрин кабыл алды
Саясат
Президент КЭРдин тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык, энергетика жана өнөр-жай тармагы боюнча кызматташтыкты талкуулашты. 

Жолугушуунун башында өлкө башчы Кытайдын башкы дипломаты Ван Ини “Данакер” ордени менен сыйлады. Алмазбек Атамбаев бул сыйлык Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушуна кошкон салымы үчүн экенин айтып, ыраазылыгын жалпы кыргыз элинин атынан билдирди. 

Өз кезегинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирип, Кытай мындан ары да эки элдин ар тараптуу мамилесин чыңдоого бардык аракеттерин жумшайт деди. 

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы келишимдерди ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.