Жаңылыктар
“Унаа” мамлекеттик ишканасында коррупциялык көрүнүштөр жоюлган эмес
Коррупция
“Унаа” мамлекеттик ишканасында коррупциялык көрүнүштөр жоюлган эмес

“Унаа” мамлекеттик ишканасы коррупцияны жоюу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдетти тиешелүү деңгээлде аткарган жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жумуш тобунун жыйынында белгилүү болду. Мекеменин жемкорлукту жоюуга багытталган аракеттеринен майнап чыкпай, айдоочулук күбөлүк берүү, автотранспорт каражаттарын каттоодо коррупциялык көрүнүштөр жоюлбай келатканы катуу сынга кабылды.


“Унаа” ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмдүк бөлүмүн бири. Ал айдоочулук курамды жана автотранспорт каражаттарын каттоо менен алектенет. Ишкана буга чейин эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарында болуп келген. Андыктан Коопсуздук кеңешинин жумуш тобу тарабынан коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдуу план кабыл алынып, бир катар тапшырма милдеттер жүктөлгөн. Жумушчу топ былтыр бир жыл бою анын аткарылышына маниторинг жүргүзүп, жыйынтыгында бир катар кемчиликтерди таап чыкты.


Мамлекеттик каттоо кызматы жумуш топ келтирген дооматтар менен жалпысынан макул. Бирок, алар дагы былтыркы жылга карата коррупцияга каршы иш аракеттеринин жыйынтыктарын чыгарган. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун айтымында, жемкорлукка каршы 22 иш-чара аткарылбай калган. Бирок, анын да жүйөлүү себеби бар экенин билдирди.



Коррупцияны жоюудагы жетишсиз иш аракеттер үчүн “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевге да катуу сындар айтылды. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, мекемеде айдоочулук күбөлүк берүүдө жана унаа каражаттарын каттоо иштеринде жемкорлук дагы деле күчүндө экенин айтат. Ишкананын санариптештирүү, коррупцияны жоюу аракети жетиштүү жыйынтык бербей жатат деген ойдо.