Жаңылыктар
Тартип комиссиясы үч судьянын ишин карайт
Кыргызстан жаңылыктары
Тартип комиссиясы үч судьянын ишин карайт

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду сот залынан бошотуп жиберген Бишкек шаардык сотунун судьялары Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков жана Нурлан Кожомбердиевдин жоопкерчилигин жакында Тартип комиссиясы карайт. Башкы прокуратура шаардык соттун үч судьясын катуу тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштаманы 29-январда Тартип комиссиясына жолдогон. 

Эске салсак, 24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков жумуш ордунан көз көрүнө пара алып жаткан Алмаматовдун эркиндикке чыгып кетишине соттор менен прокуратура жооптуу экенин айтып, нааразы болгон. Бул тууралуу Нургуль Жумабекова.



Тартип комиссиясы Алмаматовго 3 млн 300 миң сом айып салып, сот залынан бошотуп жиберген Бишкек шаардык сотунун үч судьясы Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков менен Нурлан Кожомбердиевге карата түшкөн кайрылуу боюнча ички иликтөөнү баштады. Мыйзам боюнча бул жол-жоболор бир айдын ичинде аякташы керек. Андан кийин Тартип комиссиясы үч судья, кайрылуу берген тарап Башкы прокуратуранын катышуусу менен сунушту карап чечим кабыл алат.


Өткөн жылдын октябрь айынын соңунда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку соттун токтомуна ылайык Алмаматов кайра абакка камалышы керек болчу. Бирок ал өлкөдөн качып кетүүгө жетишкен. Милиция Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысын издөөдө. Октябрь райондук ички иштер башкы башкармалыгы ага эл аралык издөө салынып, маалыматтар Интерполго берилгенин маалымдады. Жогорку Кеңештин депутаттарынын айтымында Алмаматов боюнча чечим чыгарган соттордун жоопкерчилиги боюнча маселени Тартип комиссиясына чейин Жогорку сот да карашы керек деп эсептейт.