Жаңылыктар
Казакстанда Жаңы-Өзөн окуясын кайра иликтөөнү талап кылышууда
Дүйнө
Казакстанда Жаңы-Өзөн окуясын кайра иликтөөнү талап кылышууда

-Түштүк Корея коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайга 5  миллион доллар өлчөмүндөгү каражат бөлөт.

- Кытайда 6 күн ичинде курула турган биринчи адистештирилген оорукана ишке кирди.

- Өзбекстанда кызматкерлерди пахта жыйноого мажбурлаган аткаминерлер айыпка жыгылды.

- Казакстанда Жаңы-Өзөн окуясын кайра иликтөөнү талап кылып жатышат.


Түштүк Корея коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайга 5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат бөлөт. Мындан тышкары, Ухань шаарындагы жарандарын алып келүү үчүн атайын учактарды жөнөтөт.Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, Түштүк Корея вирус менен күрөшүү үчүн Кытайга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.Ал эми Кытай Эл Республикасы кооптонуу жараткан вируска каршы күрөшүүгө болжол менен 3 миллиард 960 миллион доллар бөлгөн. Кытай мамлекетинин каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн сумма 29-январга чейин сарпталган.


Кытайдын Хуанган шаарында "Dabie Mountain" деп аталган биринчи адистештирилген оорукана ишке кирди. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты. Кечээ, 30-январь күнү Ухань шаарына жакын жайгашкан Хуанган шаарында коронавирус боюнча адистештирилген алгачкы оорукана ишке кирди. Маалыматка ылайык, ушул жердеги адистештирилген оорукананын курулуш иштери май айында бүтөт деп пландалган. Ага убакыт көп кеткендиктен, толук салынып бүтө элек имаратты аягына чыгарып, 2 күн ичинде ыктыярчылар бош имаратты 1000 киши жатканга ылайыкташкан борборго айлантышкан. Оорукана 28-январда алгачкы бейтаптарды кабыл алып, азыр толук кандуу ишке берилген.Эске салсак, буга чейин Кытайдагы вирустун очогу болгон Ухань шаарында коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана жаңыдан курулуп баштаганы жана аны бүтүрүүгө 6 күн убакыт берилгени жазылган. Аталган оорукана 1-февралда ишке берилери күтүлүүдө.


Өзбекстанда кызматкерлерди пахта жыйноого мажбурлаган аткаминерлер айыпка жыгылды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.Анда райондук акимдер тарабынан мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине пахта теримге чыгуу боюнча буйрук берилгени айтылат. 

"Өзбекстандын Иш менен камсыздоо жана эмгек  министрлиги 2019-жылы пахта жыйноо учурунда айып пулга жыгылган аткаминерлердин  тизмесин жарыялады. Алар мажбурлап иштетүү жумуштарын уюштуруудагы кемчиликтери  үчүн жоопкерчиликке тартылышкан. Айып пулга жыгылгандардын көбү – Самарканд  облусунун аткаминерлери болгон. Алар жалпысынан 15 миллион сумдун тегерегиндеги  айып пул төлөшкөн.Тизмеге 43 аткаминер кирген, алардын арасында эки район акими  жана алардын беш орун басары, банктардын жетекчилери, мектеп директорлору жана  соода комплекстин жетекчиси бар", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, аткаминерлер "Эмгекке мажбурлоо" беренеси боюнча айыпталган.


Казакстанда Жаңы-Өзөн окуясын кайра иликтөөнү талап кылышууда. Бул тууралуу Казакстандагы басылмалар жазууда. Жазылган маалыматка ылайык, Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары Казакстан президентине кат жолдоп, 2011-жылы 16-декабрда мунай ташуучулар иш таштаган учурда калкка ок атууга буйрук берген кишилерди аныктоону талап кылышкан. Кайрылууга Жаңы-Өзөн окуясында курман болгондордун туугандары, жаракат алгандар, майып болгондор, трагедиялуу окуядан кийин адилетсиз түрдө соттолгондор, шаар тургундары жана мунайчылар болуп, жалпысынан 100 киши кол койгон.Алар ок атууга буйрук берген кишилер жоопкерчиликке тартылбаса, Жаңы-Өзөндө кырдаал турукташпай турганын билдирүүдө. Кайрылууда курман болгондордун туугандарына өзгөчө макам ыйгаруу талабы да бар.

«2011-жылы ок атууга ким буйрук берди? Ушул маселе кайра каралсын жана  жети ай иш таштаган мунайчыларга моралдык зыян үчүн компенсация  төлөнүп берилсин. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө өзгөчө макам ыйгарылсын.  Ушундай талаптарды коюп жатабыз. Токаев мырза муну чечет деп ишенебиз», — деди жергиликтүү жашоочу Муратбай Жумагалиев.

Эске салсак,  2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам каза болуп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон. Бул окуялардан кийин «жапырт башаламандык уюштурган» деген кине менен 37 киши соттолгон. Алардын ичинен 13 киши үч жылдан жети жылга чейин кесилип, үчөө толук акталып чыккан. Калганы шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. «Кызмат абалынан аша чапкан» деген негизде бир нече полиция кызматкери да жоопко тартылган.Кийинчерээк казак өкмөтү каза болгондордун үй-бүлөлөрүн бир миллион, жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө жарым миллион теңге компенсация төлөп берген. Ошол убакта Казакстандын Ички иштер министрлигин  Калмуханбет Касымов жетектеген.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”