Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак кызматташууга арналган сүрөт көргөзмө ачылды
Маданият
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак кызматташууга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылынын алкагында Бишкекте сүрөт көргөзмөсү ачылды. Жумабек Базарбаев менен Айжан Мамбетованын эмгектеринде Россиянын бир катар шаарларынын ажайып кооздугу, жаратылышы жана белгилүү имараттары тартылган. Бул сүрөттөр эми жыл бою Россиянын музейлеринде да көргөзмөгө коюлат. Бул иш-чараны Жумабек Базарбаев, бир тууган агасы Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына да арнады.

“Чолпонбек Базарбаев агам Суздаль, Ростов Великий, Владимир жана Чебоксары шаарларына барып келгенден кийин ал жерлерге абдан суктанганын айтты эле. Ошол жерге барсаң сен жакшы сүрөттөрдү тартасың деп айткан. Кийин дал ушул шаарларга барып, сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк болду. Азыр ошол сүрөттөрдү көргөзмөгө коюп, иш-чаранын өзүн агамдын 70 жылдыгына арнадым. Ал эми буга эки өлкөнүн эриш-аркак кызматташуу жылы шарт түзүп отурат”,- сүрөтчү Жумабек Базарбаев.