Жаңылыктар
Эки мамлекеттин министрлери жолугушту
Саясат
Эки мамлекеттин министрлери жолугушту

Кытай эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Эрлан Абдылдаев жакынкы убактарда Кыргызстан өндүрүш ишканаларына багытталган 40 долбоорду Кытайга берерин билдирди. 

Мындан сырткары коңшу өлкө Кыргызстанга айыл чарба жаатында көмөк көрсөтүп, айыл-чарба продукцияларын экспорттоодо орун алган бардык тоскоолдуктар жоюлары белгиленди. 

Кытай Эл Республикасынын министри Ван И өз сөзүндө, түндүк-түштүк жолунун курулушу, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо жана “Бир алкактагы бир жол” долбоорун ишке ашырууга Кытай мамлекети кызыкдар экенин, бул экономикалык долбоордо Кыргызстан дагы негизги стратегиялык өнөктөш болуп берет деген ишенимин билдирди.