Жаңылыктар
Сирия согушуна катышкан кыргызстандыктарга карата жаза күчөтүлөт
Кылмыш
Сирия согушуна катышкан кыргызстандыктарга карата жаза күчөтүлөт

Өлкөдө чет мамлекеттердеги куралдуу кагылыштарга катышкан кыргызстандыктарга карата жазаны күчөтүү сунушталууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышуу өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат деп эскертүүдө.

Чет жакта жүрүп террордук даярдыктан өтүп келген адам кайры кайтып келгенде кылмыш жасашы мүмкүн. Буга байланыштуу жазык кодексинин жаңы редакциясы боюнча 243-беренедеги 5 жылга чейинки жаза, 7,5 жылга узартуу сунушу учурда коомдук талкууга коюлду. Экспреттер коомчулугу бүгүнкү күндө УКМК сунуштаган мыйзам долбоорун учур талап кылып жаткандыгын айтышууда. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"