Жаңылыктар
Жеткиликтүү турак жай
Кыргызстан жаңылыктары
Жеткиликтүү турак жай

«Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020» программасынын алкагында балдар үйүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрү үчүн үй берүү маселеси каралат. 

Бул туурасында вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева мамлекеттик турак-жай маселелерин координциялоо боюнча ведомство аралык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, жакынкы арада «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому республиканын бардык аймактарында социалдык турак-жай курулушун баштайт. 

"Маселенин социалдык маанисин эске алуу менен курулуп жаткан үйлөрдөгү квартиралардын бөлүгүн балдар үйлөрүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнө, балким, жеңилдетилген ижара шартында берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл",- деди Кудайбердиева. 

Учурда «Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020» программасына катышуу үчүн керектелген документтердин санын кыскартуу үстүндө иш уланууда.