Жаңылыктар
Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат
Экономика
Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына барып, анда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйындын күн тартибине 14 маселе коюлган, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.