Жаңылыктар
Кытайдан келген жарандар текшерүүдөн өтүүдө
Ден соолук
Кытайдан келген жарандар текшерүүдөн өтүүдө

28-29-январь күндөрү Кыргызстанга Кытайдан 42 адам келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, келгендердин 24ү кыргызстандык, калган 18и кытайлык жарандар. 

«Келгендердин баары тепловизордун жардамы менен медициналык процедурадан өтүштү, аларда оорунун белгилери табылган жок. Ал эми Москва районундагы ооруканада 6 киши, Сокулук районунда 3 киши жатат. Алар толук медициналык кароодон өтүүгө тийиш. Учурда алардан эч кандай оорунун клиникалык белгилери аныкталган эмес. Калган 33 киши андан ары жашаган жеринен медициналык көзөмөлдөн өтүшү үчүн үйлөрүнө жөнөтүлдү», — деп билдиришти министрликтен. 

Ысык-Ата районундагы ооруканада көзөмөлдө болгон 6 студент да чыгарылды. 30-январда санитардык-карантиндик пункттардан 14 миң 445 киши текшерүүдөн өткөн.