Жаңылыктар
Президент мамлекеттик мүлктү башкаруудагы санариптештирүү менен таанышты
Саясат
Президент мамлекеттик мүлктү башкаруудагы санариптештирүү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу системасындагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдиргендей, ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыккан. 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1 миң 261 акционердик коомду инвентаризациялоо пландалууда. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана сатуу системасын автоматташтыруу боюнча иштер жасалганы белгиленди. Эгерде 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзсө, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн. 

Ошондой эле Жылдызбек Исакулов бардык акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды электрондук отчеттуулукка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Президент алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу мекеменин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык болушу зарылдыгын баса белгиледи. Бул системаны өркүндөтүү үчүн улутташтыруу механизмдеринен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү механизмдерин да киргизүү керектигин белгиледи.

"Ошондой эле ММБФ төрагасы мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо максатында объекттерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси ачылганын айтты. Бул ар бир жарандын аукционго онлайн режимде катышуусуна мүмкүнчүлүк берет жана процесстин толук ачык-айкын болушун камсыз кылат.