Жаңылыктар
Каржы полициясы жыл жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Каржы полициясы жыл жыйынтыгын чыгарды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2019-жылы беш миллиард сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтарган. Мындай маалыматтар Каржы полициясынын 2019-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктарын чыгарган коллегияда айтылды. 

Былтыр аталган кызмат тарабынан кылмыштарды жана жоруктарды каттоого алган бирдиктүү реестрге 1 миң 686 сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Беш миңден ашык тергөө иштери жүргүзүлүп, мамлекетке 6 миллиард 706 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталган.