Жаңылыктар
Билим берүү жарманкеси
Билим
Билим берүү жарманкеси

Бүгүн Бишкекте Кыргыз-Түрк Манас университетинин демилгеси менен “Келечек менен баарлашуу” симпозиуму өттү. Ага түрк дүйнөсүнүн массалык маалымат каражаттары, меймандар, мектеп бүтүрүүчүлөрү жана окуу жайдын коммуникация факультетинин студенттери катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Түркиянын, Азербайжандын, Грузиянын жана Украинанын 40ка жакын жогорку окуу жайлары үчүн жарманке уюштурулуп, каалагандар үчүн билим алуу шарттары тааныштырылды. Кошумчалай кетсек бул симпозиум Түркиянын теле жана радио боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 8 жылдан бери уюштурулуп келет. 

Бул жолку жыйындын алкагында “качкындар көргөзмөсү” жана адам укуктары түшүнүгү алкагында качкындар маселесинин маалымат каражаттарында чагылдырылышы боюнча иш чаралар өткөрүлөт.