Жаңылыктар
Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өттү
Экономика
Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өттү

Товарлардын, тейлөөлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылын татаалдаштырган, ички тоскоолдуктарды алып салуу зарылдыгын. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда билдирди. Өкмөт башчылар, ЕАЭБ ичинде орун алган тоскоолдуктарды жана кедергилерди чечүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Жыйындын башында делегация башчыларынын саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүүсү орун алды. Бул форум Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин үчүн биринчи отурум. Бул кызматка ал бир нече апта мурда келген.

Өткөн жылы ЕАЭБ өзүнүн беш жылдык мааракесин белгилеген. Ушул убакыттын ичинде биргелешкен келишимдик укуктук базаны түзүү интеграциянын маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп, экономикалык бирикменин төрт эркиндигин камсыз кылат.

ЕАЭБ биринчи кезекте улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана биримдик өлкөлөрүнүн жарандарынын, туруктуу өнүгүүсү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн түзүлгөн. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, акыркы убакта ЕАЭБдин ичинде товарларды илгерилетүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле күн тартибине санариптештирүү маселеси дагы киргизилди.

Отурумдун жыйынына биринчи жолу Молдова Республикасынын Премьер-министри Ион Мику да катышты. 2018-жылы Молдова ЕАЭБге мамлекеттик байкоочу макамын алган. Ал эми экономикалык союз эл аралык кызматташууга өзгөчө маани берет.

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгын Тигран Саркисян жыйынтыктады. Ал Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катары өз ишин аяктайт.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар экендерин жана орун алган тоскоолдуктарды алып салуу жана алардын кайра келип чыгышына даярдыктарын билдиришти. Күч-аракеттерди бириктирүү менен гана экономикалык бирикменин негиз салуучу максаттарына жетүүгө болот, башкача айтканда, товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчулардын кыймылын эркин камсыз кылуу зарыл. Февраль айынан баштап ЕАЭБге төрагалык кылуу Беларусь Республикасына өттү. Кийинки Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны апрель айында Минскте болот.