Жаңылыктар
"Кепилдик фонддун" ишинин натыйжасы
Экономика
"Кепилдик фонддун" ишинин натыйжасы

“Кепилдик фонд” ачык акционердик коому кепилдиктин 90 пайызын аймактарга жумшап жатат. Фонддун кызматынан былтыр тогуз жүздөн ашык ишкер жана дыйкан, фермерлер пайдаланышкан. Айыл чарбасынан сырткары фонддун кепилдигинин жардамы менен бир нече кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары да ачылган. 

Борбор калаадагы бут кийимдерди чыгарган чакан фабрика. Мындан бир жыл мурда ачылган ишкана учурда толук кандуу иштеп жатат. Бул жерде кадимки эле желимден көлөч, өтүктүн түрлөрү жасалат.

Чийки зат Орусия жана Кытайдан келет. Техниканы иштетүүгө көп адамдын деле кереги жок, 2 киши иштеп турса бут кийим чыгаруу процессин көзөмөлдөгөнгө толук жетишет.

Ишкананы ачууга ишкерлер белгилүү бир көлөмдө насыя алышкан. Күрөө жетпегендиктен кепилдик фонду жардамга келип, күрөөнүн 50 пайызын камсыз кылган.

Көлөчтүн дүң баалары түрүнө жараша 200дөн 250 сомго чейин, өтүктөр 1000 сомго чейин чыгат. Эң башкысы жергиликтүү базарларда чет элдик эмес, ата мекендик өндүрүштүн товарлары сатылууда жана экспортко да чыгып жатат.

Кепилдик фонд колдоо көрсөткөн айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жайына багытталган ишканалар ондоп саналат. Фонд былтыр 921 млн сомго эсептелген 946 кепилдик берди. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 2 эсе көп жана кепилдиктердин 90 пайызы аймактардагы долбоорлорго берилди.

Коммерциялык банктар болсо мамлекеттин кепилдиги алдында дээрлик 5 жарым млрд сомдук насыя беришти. Азыркы күндө Кепилдик фондунун капиталы 1 млрд 132 млн сомду түздү. Быйыл каражаттын көлөмүн жана бериле турган кепилдиктердин санын эки эсе жогорулатууну максат кылып жатышат. Былтыр ишкерлерди кепилдик колдоонун жардамы менен өлкөдө 2413 жаңы жумуш оруну түзүлдү.

Фонд бардык багыттар боюнча былтыр аткарылган иштерди быйыл эки эселеп жогорулатуу боюнча алдына чоң милдеттерди койду.