Өкмөт былтыркы жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн алдын ала жыйынтыктарын чыгарып, ички дүң өнүмдүн өсүшү 4,5 пайыз болгонун жарыялады. Талдоочулар тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын жарымынан ашканын айтып, каатчылык коркунучун кайталап келишкен. Соңку келтирилген сан карызга байланыштуу абалды да жеңилдетти. Соңку жылдары Кыргызстан ишкерликке шарт түзүп, текшерүүлөрдү азайтууга аракет көрүүдө. Былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу текшерүүлөрдүн саны тогуз эсеге кыскарган. Бизнес чөйрөсүн каржылоо да кеңейип баратат.
Социалдык жайларды куруп же оңдоодо, ишкерлик долбоорлорду каржылоодо, инфраструктураны жакшыртууда аткаруу бийлиги былтыр аймактарга артыкчылык берди. Чогулган салык, кирешелер жергиликтүү бюджетке көбүрөөк калтырылды. Былтыр өлкөнүн аймактарындагы ишканаларды каржылык жактан колдоо максатында 151 долбоор үчүн 500 миллион сом өздөштүрүлгөн. Мамлекеттик каржылоо менен жана ишкерлердин жеке каражаттары менен быйыл да жаңы ишканалар ачылат. Өлкө экономикасына салым кошо турган долбоорлор бардык дубан, шаарларда бар.
Инвестициянын аймактарга тартылышы өзгөчө мааниге ээ. Бирок өкмөт ар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканын айткан талдоочулар жергиликтүү жетекчилер аткаруу бийлигине жетиштүү көмөк көрсөтө албай жатат деп эсептешет. Курула турган ишкананын пайдасы, инвестициянын канчалык зарыл экени тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлүшү керек.
Өлкө эми жергиликтүү жетекчилердин укуктарын кеңейтүүгө багыт алат. Бул реформа аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот деп ишеним артылууда. Жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жоюу маселеси өкмөттүн кароосуна жөнөтүлүп, алардын ар бири боюнча борбордук бийликтин чечим кабыл алуусу убакытты талап кылат. Элет тургундары да район, облус башчыларынан мурда дароо эле борбордук бийликке кайрылышаарын тажрыйба көрсөтүп келатат. Эми дубандын жетекчилерине укук берүү менен бирге, алардын жоопкерчилиги да күчөтүлөт.
Кыргызстан экономикалык өнүгүүнү санарип баалуулуктары менен бекемдөөнү максат кылат. Калкты катардагы тейлөөдөн тартып, сатып алуулар, ишкерлик атаандаштыкты камсыздаган чаралар, лицензия жана тастыктама берүү, отчётторду кабыл алуу өңдүү бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өз ара байланыш ачык-айкын болушу керек. Мындан улам аларды ишке ашырууда санариптин артыкчылыктарын пайдалануу зарылчылыгы бар. Өкмөттүн жылдын алгачкы жыйынындагы отурумунда ар бир мекемеге санарип технологияларын жайылтуу тапшырмасы да берилди.