Жаңылыктар
Коопсуздук кеңешинин чечими
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңешинин чечими

Коопсуздук кеңештин отурумунун жыйынтыгы менен сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү жана өлкөнү санариптештирүү жетишсиз деңгээлде ишке ашкан, ал эми тоо-кен казуу тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимин ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер канааттандыраарлык эмес деп табылды. Чечимдеги маанилүү жагдай, катчылыкка 2024-жылга чейин Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгуу сунушу берилди.

Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы жыйынынын жыйынтыгы 17 бөлүктөн турат. Документтин маңызы 2018-2019-жылдардагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин натыйжалуу аткарылышын камсыздоо. Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин соңку үч отуруму сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү, өлкөнү санариптештирүү жана тоо-кен тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган. Бирок талдоонун жыйынтыгында чечимдер жарым жартылай жана белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылган.

Мамлекеттик органдар 1-июнга чейинки мөөнөттө аталган чечимдерде каралып, аткарылбаган жана жарым-жартылай аткарылган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча аракеттерди көрмөй болду. Бул иштерди көзөмөлдөө бийликтин үч бутагына жана башкы прокуратурага жүктөлдү.

Башкы прокуратурага 1-майга чейин коррупциялык кылмыштарды жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыш иштерин иликтөөдө укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү милдеттендирилди. Башкы прокуратура, УКМК, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жана Бажы кызматына өзүнүн кызматкерлеринин коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды жасоосун, кызматтык тартипти жана этикалык ченемдерди бузууларын аныктоо жана болтурбоо боюнча ички иликтөө жана өздүк коопсуздук бөлүмдөрүнүн натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушталды. Ошол эле учурда бул мекемелер жеке катчылыкка эмес аткарылган иштерин Массалык маалымат каражаттарына чагылдырып туруу милдеттендирилди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков жумуш ордунан көз көрүнө пара алып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Алмаматовдун эркиндикке чыгып кетишине коомчулук, эл менен кошо өзү да нааразы болуп жатканын билдирип, соттор менен прокуратуранын ишин сынга алды. Мамлекет башчы коррупцияга айыптуу экенин айкын далилдеген фактылар турса да адилеттиктен тайган соттор, прокурорлор бул иштерге өздөрү аралаш-деди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин 27-январда коррупцияга байланышкан чуулгандуу кылмыш иши боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовго байланыштуу сотто мамлекеттик айыптоочу болгон прокурор Белек Рыскулов жумушунан бошотулду. Ал арада Тартип комиссиясына Алмаматовдун ишин караган Бишкек шаардык сотунун судьялары Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков жана Нурлан Кожомбердиевге карата Башкы прокуратурадан катуу тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштама келип түштү.

Тартип комиссиясы Насирбек Алмаматовго 3 миллион 300 миң сом айып салып, сот залынан бошотуп жиберген Бишкек шаардык сотунун үч судьясы Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков менен Нурлан Кожомбердиевге карата түшкөн кайрылуу боюнча ички иликтөөнү баштады. Мыйзам боюнча бул жол-жоболор бир айдын ичинде аякташы керек. Андан кийин Тартип комиссиясы үч судья, кайрылуу берген тарап Башкы прокуратуранын катышуусу менен кайрылууну карап чечим кабыл алат.

Коопсуздук кеңешинин отурумунун чечиминен кийин башка мекемелер да жыйын өткөрүп, тиешелүү тыянактарды кабыл алды. Башкы прокуратуранын коллегиясынын жыйынтыгы менен прокурордук көзөмөлдү чабал жүргүзгөндүгү жана буйруктарды талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн прокуратуранын 27 кызматкери тартип жазасына тартылмай болду. Ал эми Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен бөлүмдөрдүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү уюштурууда кетирген кемчиликтерге байланыштуу 30дан ашык жетекчиге тартип жазасы колдонулду.

Натыйжада Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча чечими аткарылбагандыктан тармакта коррупциялык тобокелчиликтер дагы деле бар. Өзгөчө кенди иштетүүгө аукцион же сынак жарыялоо, мамлекеттик экспертиза өткөрүү, кенди кайтаруу, лицензиялардын мөөнөттөрүн узартып берүүдө жемкорлукка түрткөн жагдайлар кездешет.

Маселен өткөн жылы коопсуздук кеңешинин чечими менен кен казуу тармагын өнүктүрүү жана жер казынасын коргоо боюнча концепцияны иштеп чыгуу милдети коюлган. Документти даярдоого 2019-жылдын 1-мартына чейин мөөнөт берилген болсо, концепция жаңырган 2020-жылы гана даяр болду.

Тоо-кен тармагындагы адис Дүйшөнбек Камчыбеков, тармактын минтип аксап жаткандыгына мурдагы жетекчилердин кен казууну өздөрүнө байлык топтоочу булак катары пайдалангандыгы себеп болду дейт. Кен иштетүү кээ бир учурда мамлекеттик казынаны эмес, жемкорлордун чөнтөгүн гана толтуруп келгендиги кен казуу чөйрөсүн иштен чыгаргандыгын айтат. Тармакты реформа кылуу үчүн эң ириде мыйзамдык укуктук базаны чыңдоо зарылчылыгын белгилейт.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Өкмөт менен биргеликте 1-июнга чейинки мөөнөттө 2024-жылга чейин Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу жана Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушу берилди. Жаңы стратегия заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бериши керек. Бул максатта коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.