Жаңылыктар
Ленинград блокадасы - тарыхтагы оор сыноо
Кыргызстан жаңылыктары
Ленинград блокадасы - тарыхтагы оор сыноо

Бул тасма Ленинград курчоосу башталардан 5 жыл мурда тартылган. Шааардын жашоосу быкпырдай кайнап, өндүрүшү өргө бет алып, келечектен көптү үмүттөндүрүп турган. Ири өлкөнүн бир топ өндүрүш объектилери ушул шаарда өркүндөп, 3 миллиондон ашык эл жашап, турак жай тартыштыгы күч алып жаткан учур. Беш жылдан кийин кара басып, согуш башталат.

Мамлекет башчысы Ленинград блокадасы - бул ошол учурдагы биримдиктүү совет элинин орток тарыхы. Улуу жеңиш менен бул сыяктуу тарыхтын оор учурлары эч качан унутулбаган окуялар деп баса белгиледи. 

Президент Ленинградды душмандардын курчоосунан бошотууга катышып, баатырдык менен курман болгон төрт жарым миңден ашык кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында башыбызди ийип, таазим кылабыз, - деди. Ленинградды бошотууда жана Улуу Ата Мекендик согушта баатырдык менен курман болгондор бир мүнөт эскерилди. Анна Кутанова болсо Ленинград курчоосунда калганда болгону он бир жашта экен. Ачкачылыктан улам жакындарын жоготот. 50-жылдардын ортосунда Кыргызстанга көчүп келип, биротоло ушул жакты байырлап калат.

Кан майданда фашисттерге каршы күрөшүп, миллиондогон элдин башын бириктирген улуу согуш эч качан унутулбайт. Нечендеген азап-тозок менен буюрган Жеңиштин 75чи жазы быйыл да чоңсалтанат менен майрамдалат.