Жаңылыктар
Табигый кырсыктан жабыркагандар
Өзгөчө кырдаал
Табигый кырсыктан жабыркагандар

Ортодон өтүп калган май айы жаанчыл болду. Эки күндүн биринде эле күн күркүрөп, асманды баскан ала булут апта бою уланган учурлар да кездешти. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар аймактарда сел жүрдү. Турак жайлар, аны менен кошо айдоо аянттары да жабыркады.

Мындан улам куткаруучулардын жаны тынган жок. Табигый кырсыктардын кесепетин жоюу иштери дагы деле уланууда. Эң негизгиси коопту аймактардан элди көчүрүү, табийгаттын айттырбай келген кырсыктарынан сактануу туурасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул жумада өкмөт башчынын тапшырмасы менен биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев суу каптоолордон зыян тарткан аймактарда болду. 

Республиканын аймагында 14 миңден ашуун табигый техногендик кубулуштар бар. Мындай бүтүмгө өзгөчө кырдаалдар боюнча мониторинг жана божомолдоо жургүзүу департаменти келген. Адистердин белгилөөсүндө, биздин өлкө сейсмикалык жактан кооптуу делинип, турак-жайлардын басымдуу бөлүгү сейсмикалык талапка жооп бербейт.


Дегеле, жер силкинүү, көчкү, сел сыяктуу кооптуу аймактарда жашагандардын саны азыркы тапта тогуз миңдей . Мунун ичинен өкмөттөн каралган жер тилкеси менен бирге ссуда алып, бирок жер которбой, өмүрүн тобокелге салып отурган жарандарыбыздын саны -3431. Адистердин кооптуу аймакта жашагандарга бир эмес, бир нечелеп эскертүүлөрдү берип келгенине карабай, аягы адам өмүрлөрүн алуу менен аяктап жатканы өкүндүрбөй койбойт. Мындан бир ай мурда Жалал-Абад облусундагы Алмалуу-Булак айылындагы 7 үй жер көчкүнүн алдында калды. Жашы жете элек бир өспүрүм көз жумду. Мындан ары, өз жана жакын адамдарынын өмүрүнө кайдыгер жасаган жарандарыбызга жоопкерчиликти күчөтүү жагы каралып жатат.

13-майда президент Алмазбек Атамбаев Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун башкы катчысы Александр Кувшинов башында турган өкүлдөр менен жолукканда “Табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу - мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин да билдирген. Мындан улам, мамлекет жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн жылына бюджеттен 300-350 миллион акча каражатын жумшайт. Жарандардын кайдыгерлик мамилесинен улам, бир жолку берилүүчү сумма бир эле жаранга эки эселенеип төлөнүп келгенин ырастаган серепчилер, бул акчалардын мамлекетке кайтарылуусун кубаттайт.

Күтүүсүз келген табигый кырсыктардан жабыр таркан 4, 5 -даражадагы үй ээлерине мамлекет кайтарымсыз бир ирет берилүүчү 50 миң сом, же 20 жылдык мөөнөт менен бериле турган кайтарымдуу 200 миң сом ссуда караган. Ал эми 3- даражада жабыркаган үй ээлерине 10 миң сомдон колдоо көрсөтүлөт. Мындан улам, турак-жайларды камсыздандыруу маанилүү экендигин адистер белгилейт. Азыр 1301 турак- жай камсыздандыруудан өткөн. Мунун басымдуу бөлүгүн айыл жергесиндегилер туздү. Камсыздандырууда айрым мекедештерибизге жеңилдиктер каралган.

Республиканын аймагындагы жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам иретинде өкмөт алдында атайын эсеп ачылган. Бул эсепке 63 миллиондон ашуун акча каражаты келип түшкөн. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Чайчи айылына болгон иш сапарында билдирди. Өкмөт башчынын атайын тапшырмасы менен келген биринчи вице-премьер-министр, өткөн жылдагы зилзиладан жабыр тарткандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.


Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118