Жаңылыктар
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу эрежесине өзгөртүү киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу эрежесине өзгөртүү киргизилди

Бул туурасында Салык кызматы маалымдады. Өзгөртүүлөр боюнча ушул жылдын 23-январында өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, мындан ары декларанттар салык төлөп иштетип жаткан объектисин көрсөтөт, бир жылда мүлккө жана жер тилкесине төлөгөн салыгынын эсебин берет. 

Бул эрежелер 1-февралга чейин декларация тапшыргандарга тийиштүү эмес. Андан кийинкилер жогорудагы белгиленген пункттарды кошуп толтуруусу шарт. Бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формасын Салык кызматынын сайтына кирип толтурууга болот. Белгилей кетсек, буга чейин декларанттар ээлик кылган мал-мүлкү жана киреше-чыгашасы тууралуу гана отчёт берип келген.