Жаңылыктар
Өзүбүздө кадырланбай, өзгөлөр баалаган кыргыз тили
Кыргызстан жаңылыктары
Өзүбүздө кадырланбай, өзгөлөр баалаган кыргыз тили

Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт. Бул сыяктуу таамай айтылган сөздөр канча айтылбасын, кыргыз тилин билбегендер азайган жок. Демейде расмий тилде тили буудай кууруган атка минерлердин арасында өз оюн эне тилинде так түшүндүрүп бере албагандары четтен кездешет. Эми бул маселеде тигил же бул адамды эне тилди билбейт деп сөөмөй кесеп айыптоонун кажети жок. Анткени бала бакчадан баштап, Жогорку окуу жайга чейин орус тилинде окугандарда кыргыз тилинде сүйлөө зарылдыгы чанда гана болбосо дээрлик жокко эсе.

Мектептердеги кыргыз тили боюнча сабактарда болсо, баланын башка сабактагы жетишкендиктерине карап беш койгон учурлар кездешип эле жүрөт. Өз ишин мыкты билген адис болсо болду... кыргызча билбесе орусча сүйлөй берсин деген менен, акыры барып анда санда гана киши кыргызча сүйлөп калса эмне болот деп алдын ала асан кайгы болууга бүгүнкү жагдай түртүп турган чак. Ал арада бийлик маселеге жеңди түрүнүп киришкендей. Анткени эмдиги жылдан тартып, мектеп бүтүрүүчүлөрү улутуна карабастан кыргыз тилинен тестти милдеттүү түрдө тапшырат.

Кыргызстандагы баардык орто мектептин бүтүрүүчүлөрү кыргыз тилин билиши керек. Мындай талап келээрки жылдан тартып күчүнө кире турган болду. Бул үчүн атайын кыргыз тест долбоору башталды. Кыргыз тили боюнча тесттеги суроолор өтө деле оор эмес. Болгону 70 суроого 2 саат 45 мүнөттө жооп бериши керек. Дагы айта кетүүчү жагдай орус тилдүү мектептерде эне тилди үйрөтүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калган. Маселен окуучулар кайда болбосун, эмне кылбасын көбүн эсе орус тилинде баарлашат.


Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоого багытталган тест көрсөткөндөй, борбор калаадагы орус тилдүү мектептерде кыргыз тилинин абалы жакшы эмес. Окуучулар оңой суроолорго жооп бергени менен, ой-пикирин таамай жеткирүү өңдөнгөн тапшырмаларды дээрлик аткара алышкан жок. Быйылкы тест окуучуга муну же тигини "билбейсиң" деп кемчилигин көрсөтүү үчүн эмес, аларга мамлекеттик тилди үйрөнүү керектигин түшүндүрүүгө багытталган. Башкача айтканда, байкоо жүргүзүү жана келерки жылдагы бүтүрүүчүлөрдү тестке даярдоо. Мындан тышкары кыргыз тили боюнча тесттин жыйынтыгы, жалпы республикалык тестирлөө сыяктуу эле, Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн да керектелет. Ошондуктан билим берүү министрлиги азыртан даярдап баштады.

Динара Эдилбаева кыргыз тили жана адабияты сабагынан көп жылдан бери билим берет. Эне тил сабагы окуучуларга биринчи класстан эле киргизилгени менен 11 жылдан кийин деле өзгөчө шаар мектептеринде жыйынтык болбогонун ачык эле айтты. Чынында эле эне тилинен ийгиликтер анча жакшы болбой жатканын окуучулардын класстык журналы тастыктап турат.

Кыргызча акыйнек айткан чечен улутундагы Белла болсо, эгерде мага айланамдагылар кыргыз тилинде гана сүйлөсө, мен да ошол тилде эмдигиче эркин сүйлөп калмакмын дейт. Кыргыздар өздөрү башка тилде сүйлөгөндүктөн кыргыз тилин жакшы үйрөнө албаганын айтат. Классташтарынын көпчүлүгү маектешүүдө негизги тилибиз орус тили деп билдиришти, бирок арасында өз эне тилин сүйгөндөр деле бар. 

Негизи кайсыл гана тил болбосун аны сүйө билген адам бир жылдын ичинде сүйлөп кете алат. Учурда кыргыз тилин үйрөтүүчү сайттар деле ачылган, ал гана эмес, Google Translate долбооруна кыргыз тили кошулду. Болгону тилди үйрөнүүдө каалоо гана керек. Улутум кыргыз бирок эне тилимди билбейм дегендерге башка улуттардын кыргыз тилинде ырдаганын аргасыздан көрсөткөнгө туура келет. Маселен, филолог Энтони Д’Aвирро кыргыз элинин элдик ыры “Сары-Ойду” Лос-Анджелесте берилүү менен аткарып жатат. 



Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118