Жаңылыктар
Улуттук оюндун учугун улагандар
Спорт
Улуттук оюндун учугун улагандар

Жер-жерлерде көчмөндөр оюнуна карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Мүнүшкөрлөр кушун таптап, саяпкерлер аргымагын суутуп турган чактары. Ал эми жаачылар жебеси учкул болушу үчүн алгыр куштун канатын тандап, көзгө атаардыгын көрсөткөнгө даярданышууда. Биздин чыгармачылык топ бул жолу Ысык-Көл жергесиндеги мүнүшкөрлөр менен мергенчилерге жолугуп, маектешип келди.

Учурда бүркүтчүлөр көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүдө. Августта мыкты мүнүшкөрлөр тандалып, оюнга катышуучулар аныкталат. Ага чейин ар бир бүркүтчү кушун таптоодо. Алардын даярдыгына күбө болдук. Бул түлкүнүн териси гана. Ага жете келген бүркүт тырмагын матырып алып, оңойу менен коё бербей туруп алды. Алгырдын тырмагы курч болгондуктан, мүнүшкөр колуна сөзсүз кол кап киет.Бүркүттү табында кармабаса, кыялын көрсөтүп калат. Анан да бардык эле кишиге баш берет бербейт. Таптаган адам менен гана жан бирге болот.

Ат үстүндө жаа атуу татаал оюндардан. Атты жөндөп эле минбестен, чапканды, ат жалында жааны октоп, бутага таамай атууну мыкты билиши керек.

Ат үстүндө жаа аткандар көчмөндөр оюнуна катуу даярданууда. Бул үчүн алардын Тоңдо өзүнчө машыга турган аянты бар. Жаачылар алгач жоош, үркпөгөн ат минип, атканды үйрөнөт. Улам чеберчилиги арткан сайын күлүгүнө алмаштыра берет. Ат жалында жаа атууну дилгирлер бир жылда өздөштүрүп кете алат. А негизи өнөрдүн сырын үйрөнүүгө бери дегенде 2,5-3 жыл кетчүдөй. Бирок кыргыз оюнчулары буга чейин эле машыгып, өнөрдүн сересине чыккандыктан, көчмөндөр оюнунда ийгиликти багындыраарына ишеним чоң.



Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118