Жаңылыктар
Улуу Британия Европа бирикмесинен чыкты
Дүйнө
Улуу Британия Европа бирикмесинен чыкты

Индонезия тургуну шылдыңдаганы үчүн кесиптешин өлтүргөн.

Италиянын  Таранто шаарында үйлөр 1 еврого сатылып жатат.

Чехияда сасык тумоодон 12 киши каза болду.


Улуу Британия Европа бирикмесинен чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Падышалыктын басымдуу жашоочулары колдогон 3 жарым жыл мурунку референдумдан кийин Улуу Британия Европа биримдигинен чыкты.Британиянын биримдиктен расмий түрдө чыгарынан бир саат мурун премьер-министр Борис Жонсон элге кайрылып, алардын алдыда күтүп турган жаңы жетишкендиктерине токтолгон.

"Эгер биз  баарын туура кыла алсак, менимче, биз өлкө ичинде гана эмес, анын сыртында да  ишенимге ээ боло алабыз", - деген Борис Жонсон.

Эске салсак, Улуу Британия Европа биримдигинин курамында болгон 47 жыл ичинде толук жуурулушуп кеткен эмес. Падышалык өзүнүн валютасын сактаган жана Шенгенге кирген эмес.


Индонезия тургуну шылдыңдаганы үчүн кесиптешин муунтуп өлтүрүп, өрттөп салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.27 жаштагы Али Хери Санджайя жана 18 жаштагы Росида бала кезден кошуна жашап, ресторанда чогуу иштешкен. Росида Санджайянын ашыкча салмагын баса белгилеп, дайым элдин көзүнчө семиз деп шылдың кылып келген. Ошонун айынан Санджайя өзүн жаман сезип, толуктугун кемчилик катары көрүп калган. 24-январь күнү Санджайя Росиданын мотоциклин айдап, үйүнө жеткирип коюуну сунуштап, кокос өсүүчү талаага барганда аны муунтуп өлтүрүп, алдын ала даярдап койгон бензин менен өрттөп салган.Кесиптешин өлтүргөн соң кыздын мотоцикли менен уюлдук телефонун алып, 5 миллион 200 миң индонезия рупийине б.а. 25 миң сомдун тегерегиндеги акчага сатып жиберген. Ал акчаны карыздарына берген. Росида үйүнө келбегенинен үй-бүлөсү полиция кызматына кызынын жоголгону тууралуу кабарлашат. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү мейманканада жашынып жүргөн жеринен кармап, камакка алышкан. Эми Санджайяны өлүм жазасы же 20 жылдан ашуун мөөнөт же өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күтүүдө.


"Италиянын Таранто шаарындагы үйлөр 1 еврого сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.Буга чейин да Италияда үйлөрдү арзан баага сатуу акциясы жүрүп келген. Бирок анда чакан айылдагы үйлөр сатылчу. Бул ирет эски шаарга көп калкты тартуу үчүн Таранто шаарына акция жарыялашты. Азырынча жергиликтүү бийлик 5 үйдү гана сатыкка койгон. Эгер суроо-талап күч болсо, саны дагы көбөйүшү мүмкүн. 1 еврого сатып алган үй ээлерине талап бар. Жаңы үй ээлери имаратты өздөрү оңдоп-түзөп алуусу керек, ошондой эле ал үйдү кымбат баада башкага сатып жибербей, өздөрү жашашы шарт. Учурда Нью-Йорк, Милан жана Рим шаарларынан кардар чыгып жатканы маалым болду.Белгилей кетсек, жашоочуларды шаарга чакыруу менен жергиликтүү бийлик эски шаарды жандандырууну пландоодо. XIX кылымда ал жакта 40 миңге чукул адам жашаса, азыр 3000ге жакын эл калган. Шаардыктардын көбү көчө, имараттардын начар абалда болгонуна жана болот куюучу заводдун жакын болгонуна байланыштуу көчүп кетишкен.


"Чехиянын аймагында сасык тумоо күч алып, анын кесепетинен 12 адам каза болду. 100 миң адамдын ичинен 1 миң 865и сасык тумоо менен жабыркап, каттоодон өтүп жатканын чет элдик басылмалар өлкөнүн санитардык башкы дарыгеринин маалыматына таянып жазып чыкты. Мамлекеттик саламаттыкты сактоо институтунун  маалыматына ылайык, сасык тумоо эпидемиясы республиканын бардык аймактарына  жайылган. 

"Ооругандардын көбү улгайгандар жана жаш  балдар. Сасык тумоо өтүшүп кеткендиктен 12 адам көз жумду.  Өткөн аптага салыштырмалуу ооругандардын саны дагы көбөйдү",- деген башкы санитардык дарыгер Эва Готтвальдова.

Сасык тумоонун күч алганына байланыштуу Чехиядагы балдардын айрым мекемелери жабылып, дарыланып жаткан бейтаптарды көрүүгө ооруканаларда тыюу салынды.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”