Жаңылыктар
Коронавируска каршы чаралар
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавируска каршы чаралар

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 3-февралга карата берген маалыматына таянсак коронавирустан 362 адам көз жумса, ошол эле учурда беш жүздөн ашуун адам сакайды. . Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун алдын алуу, анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүнкү күндө республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы жок экенин, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди. Анын айтымында, жакын арада өлкөгө коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттер келет. 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бардык алдын алуу чараларын так ишке ашыруу зарылдыгын баса көрсөттү.