Жаңылыктар
Тегеран – Душанбе – Бишкек – Тегеран аба каттамы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Тегеран – Душанбе – Бишкек – Тегеран аба каттамы ачылды

Үч тараптуу келишимдин негизинде ишке ашырылып жаткан каттамды Ирандын "Вариш" авиакомпаниясы тейлейт. "Манас" эл аралык аэропортуна конгон жаңы каттамдын алгачкы жүргүнчүлөрүн тосуп алууга биздин чыгармачыл топ да катышып келди.

“Боинг 737 - 500” үлгүсүндөгү учак менен келген алгачкы каттамдын жүргүнчүлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын делегациясы тосуп алды. Жүргунчүлөрдү аман-эсен алып келгенине жана аба ырайынын жагымдуу болушу чартердик каттамды башкарган учкуч менен борт коштоочу абдан кубандырды. 

Каттоодон өтүп жаткан бул үй-бүлө Тегеранга жаңы аба каттамы менен барышат. Ыңгайлуу шарт менен, убактыларын үнөмдөп тез жетип алуу үчүн бул каттамды тандап алышкан. 

Жаңы аба каттам Кыргызстан, Иран, Тажикстан тараптардын макулдашуусу менен ачылды. Сүйлөшүүлөр өткөн жылы башталган. Эл аралык стандарттарга, авиациялык эрежелеге ылайыкташтырылгандан кийин гана ишке киргендигин айтат Жарандык авиация департаментинин жетекчиси.

Мындай жаңы аба каттамдардын ачылышы ишкерчилик, соода жаатындагы алакалардын жакшырышына жана туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот. Ирандын “Вариш” авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан рейс мындан ары ар аптанын дүйшөмбү күндөрү каттайт. Баасы да мурдагыдан кыйла арзандаган. Башкысы - жүргүнчүлөрдүн убактысы менен акчасы үнөмдөлөт.