Жаңылыктар
Cоциалдык курулуштарга басым жасалат
Кыргызстан жаңылыктары
Cоциалдык курулуштарга басым жасалат

Баткенде чек ара аймагынан мектепке барган окуучулар үчүн 225 орундуу типтүү мектеп курулууда. Үч-Дөбө айылындагы мектеп башталгыч класстарга гана багытталгандыктан, жогорку класстын окуучулары тажик айылдарын аралап кошуна айылдагы мектепке барып окушат. 

Сметалык баасы 51 млн сом болгон билим уясы пайдаланууга берилсе, айылдыктар буга чейинки түйшүктөрдөн арылат. Баткен облусу боюнча капиталдык курулуштар үчүн 360 млн сомго жакын каражат каралган.

Баткен районунун Үч-Дөбө айылы тажик айылдарына жакын жайгашып, чек ара көйгөйлөрү курч. Жогорку класстын окуучулары кошуна айылдагы мектепке барып окугандыктан, жолдо пикир келишпестиктерге дуушар болушат. Жергиликтүүлөр бул сыяктуу көйгөйлөрү менен өлкө башчысына кайрылып, айылга 225 орундуу типтүү мектептин курулушу башталган.