Жаңылыктар
Бүгүн СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү
Маданият
Бүгүн СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү

Бүгүн кыргыз балетинин чолпону, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Көп кырдуу таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 71 жашка чыкмак. Чолпонбек Базарбаев мындан 18 жыл мурун Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон. Ал улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып бергендиги менен таанымал. 

Чолпонбек Базарбаев улуттук балет өнөрүн дүйнөлүк бийиктикке көтөрүүгө, кыргыздын көркөм өнөрүн, маданиятын сактап калууга зор күч-кубатын жумшагандыгын замандаштары белгилешет. Ал бир гана талант эмес, мамлекеттик ишмер катары дагы белгилүү. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"