Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) иш сапарынын алкагында Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл менен жолугушту.
Өкмөт башчы Amazon Web Servicesтин ишмердүүлүгү экономикада акыркы он жылда болгон глобалдуу өзгөрүүлөрдүн үлгүсү болуп эсептелерин белгиледи.
«Биздин өлкө санариптик технологияларды жана чечимдерди ишке киргизүү, пайдалануу жана экспорттоо чөйрөсүндө аймактык лидер болуу боюнча дымактуу максатын алдыга койду. Биз санариптик өнүгүү Кыргыз Республикасынын дараметин ачууга, жарандардын бакубат турмушта жашоосуна жана мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө негиз болоруна ишенебиз. Буга байланыштуу ийгиликтүү иштеп жаткан компаниялар менен өз ара мамиле түзүүгө кызыкдарбыз жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны өзөштүрүү максатында бир нече багыттар боюнча кызматташууну камсыз кылууга даярбыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"