Жаңылыктар
Чүй облусунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды
Коррупция
Чүй облусунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды

Чүй облусунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиргендей, шектүү кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн ишкерден 400 миң сом талап кылган. 

Учурда анын баш коргоо чарасы каралып, №1 абакка киргизилди. Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы бул кызматка 2017-жылы келген.