Жаңылыктар
Екатеринбург: Бийбосунов шаар башчысы А.Высокинский менен жолукту
Маданият
Екатеринбург: Бийбосунов шаар башчысы А.Высокинский менен жолукту

Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов шаар башчысы Александр Высокинский менен жолукту. Россия менен Кыргызстандын эриш аркак мамилелер жылына багытталган жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду.

Анын жыйынтыгында Екатеринбург шаарындагы Улуттар достугу гүлбагында кыргыз жазуучуларынын аллеясы ачылат. Эске салсак, буга чейин аталган шаардын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты коюлган.