Жаңылыктар
Америкалык жазуучу Мэри Хиггинс 92 жашында көз жумду
Маданият
Америкалык жазуучу Мэри Хиггинс 92 жашында көз жумду

Америкалык жазуучу Мэри Хиггинс 92 жашында Флорида штатынын Нейплс шаарында көз жумду. 50дөн ашуун детектив жана триллер жанрларындагы китептин автору өмүрүнүн акыркы күндөрү да жазуучулук менен алектенгенин билдиришти жакындары. Жазуучуга “Түндөгү ый”, “Ырды жакшы көргөн - бийлегенди да жакшы көрөт”, “Балдар кайрылбайт” чыгармалары дүйнөлүк атакты алып келген. 

Анын чыгармаларынын негизинде көптөгөн тасмалар тартылган. Мэри Хиггинс Америкадагы жазуучулар ассоциациясынын президенти болчу