Жаңылыктар
Жуан Карлос Мартинс кайрадан өзү сүйгөн музыкалык аспапта ойноп баштады
Маданият
Жуан Карлос Мартинс кайрадан өзү сүйгөн музыкалык аспапта ойноп баштады

Легендарлуу бразилиялык пианист Жуан Карлос Мартинс кайрадан өзү сүйгөн музыкалык аспапта ойноп баштады. Бионикалык протезден жасалган кол кап кадимки колдун кызматын аткарып жатат. Чыгармачылык дүйнөсүнө 18 жашында аралашкан Жуан Карлос Мартинс дүйнөгө өзүнүн ылдам ойногон музыкалык ыргагы менен белгилүү болгон. 1990-жылы ага карата кол салуу болуп, натыйжада пианисттин колдору жакшы иштебей калган.

“Жан дүйнөмдө музыка болгондуктан чыгармачылыгыма эч кандай нерсе тоскоолдук жарата албайт. Албетте мен дагы көп композицияларды аткара алам деп ишенем”,- Жуан Карлос Мартинс.

80 жаштагы таланттуу музыкант үчүн “Сыйкырдуу кол капты Убиратан Бизарро жасаган. Анын баасы 150 евро экенин айтат ал.

“Маэстро пианино ойноп жатканда кол кап ага ыргак менен ойноого жардам берет. Анын жардамы менен Бах, Бетховен жана Моцарт сымал чоң композиторлордун дагы көп чыгармалын жаздырат деп ишенем”,- Убиратан Бизарро.

Ушул жылдын октябрь айында Нью-Йорк шаарындагы “Карнеги-Холлдо” маэстронун юбилейлик концерти күтүлүп жатат. Жуан Карлос Мартинс туура 60 жыл мурда дал ушул маданий борбордо биринчи жолу чоң сахнага чыккан.