Жаңылыктар
Кыргыз тилинде эки телесериал тартууга сынак жарыяланды
Маданият
Кыргыз тилинде эки телесериал тартууга сынак жарыяланды

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кыргыз тилинде эки телесериал тартууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Сынакка бардык жарандар жана чыгармачылык уюмдар катыша алат. 

Документтер 29-февралга чейин кабыл алынат. Тематикасы сүйүү, патриоттуулук, улуттук каада-салтты сактоо сыяктуу социалдык маанини камтышы керек. Ал эми сценарийи жаш муунду тарбиялоого арналып жазылышы шарт деп билдирди министрликтин маалымат кызматы. Түшкөн сунуштар Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн сынактык комиссия тарабынан каралат.