Жаңылыктар
А.Атамбаев Түркиядагы гуманитардык саммитке катышат
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев Түркиядагы гуманитардык саммитке катышат

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Стамбул шаарында бүгүн башталган Гуманитардык саммитке катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Саммит алкагында өлкө башчы башка президенттер менен жолугары дагы күтүлүүдө. 

БУУнун жетекчилиги алдында алгач ирет өтүп жаткан дүйнөлүк гуманитардык саммит адам баласынын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Анын ичинде адамдын коопсуздугу, ар-намысы, татыктуу турмушта жашоосу сыяктуу шарттар каралган.