Жаңылыктар
Экономика министрлиги ЕАЭБдеги натыйжалардын жыйынтыгын чыгарууда
Экономика
Экономика министрлиги ЕАЭБдеги натыйжалардын жыйынтыгын чыгарууда

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери өлкөнүн ички дүң өнүмү ар жыл сайын орточо 4 пайыздан өстү. Экспорт, салык чогултуулар жана бажы жыйымдары да жогорулады. Эмгек мигранттарына жеңилдиктин берилиши да уюмга мүчө болуунун негизги артыкчылыгы катары каралууда. Экономика министрлиги ЕАЭБдеги натыйжалардын жыйынтыгын чыгарууда.

Кыргызстан 2015-жылдын август айында Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүккө кабыл алынган. Уюмга интеграциялануу дүйнөлүк атаандаштыктар, ар кандай карама-каршылыктар өкүм сүрүп жаткан учурда ишке ашырылган. Бирок өкмөт ага карабай оң натыйжалар болгонун билдирет. Биримдиктин мейкиндигинде товардын, эмгек ресурсунун эркин жүрүүсү ЕАЭБдин негизги шарты болуп саналат.

Уюмдун жеңилдиктери менен бирге талаптары да бар. Бирок Кыргызстандын биримдиктин шарттарына ыңгайлашуусу үчүн атайын убакыт берилген. Россия өндүрүштү колдоо үчүн 500 миллион доллар которуп, өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Мындан сырткары өнөктөш өлкө тарабынан чек ара бекеттерин жаңылоого, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга да көмөк көрсөтүлдү.

Кыргызстан мындай шартта реэкспорттон же башка өлкөдөн алынып келинген товарды үчүнчү өлкөгө жөнөтүү менен жан баккан тажрыйбадан баш тартып баратат. Экспортто атамекендик өндүрүштүн үлүшү жогорулады.

Уюмдун босогосун аттагандан берки өлкөнүн негизги ийгиликтеринин бири катары мигранттарга түзүлгөн шарттар да белгиленип келатат. Эми алыстагы мекендештер пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Былтыр биримдиктин бардык мүчө өлкөлөрү тарабынан жетишилген 11 келишимдин катарында эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо боюнча документ да бар. Ал парламенттердин ратификациясынан өтөөрү күтүлүп жатат. Уюмга мүчө болуунун артыкчылыктары менен бирге тоскоолдуктарды да эске салгандар жок эмес. Ишкерлердин Казакстандын чек арасында ар кандай көйгөйлөргө туш болгон учурлары бар. Кыргыз тарап бул маселени жолугушууларда көтөрүүдө.