Жаңылыктар
Баткен районундагы Р4 каналын куруу иштери кандай жүрүүдө?
Аймак
Баткен районундагы Р4 каналын куруу иштери кандай жүрүүдө?

Баткен районунда 1000 гектар жаңы жерди өздөштүрүү үчүн канал кеңейтилүүдө. Кытайдан 500 млн сомго жакын гранттык каражат бөлүнүп, 2017-жылы 46 чакырым каналдын курулушу башталган. Курулуш иштери 2021-жылы толугу менен бүткөрүлүп, сыйымдуулугу секундасына 4 метр кубка жетет.

Баткен районундагы Р4 каналын куруу үчүн 100гө жакын жергиликтүү тургун жумушка тартылган. Ысак Абдырахманов да бул жумушчулардын катарында сыйымдуулугу 1,5 куб болгон каналды 4 кубка чейин кеңейтүү аракетинде. 40 жыл мурда курулган канал учурда эскилиги жетип, айрым жерлерге суу тартыштыгы жаралып келген.

Жалпы узундугу 46 чакырымды түзгөн каналдын курулушу бүткөрүлсө жаңы, суу жетпеген жерлер өздөштүрүлөт. Ошол эле учурда Дара жана Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы айдоо жерлерге суу жеткирүү да жакшыртылат. Бул үчүн Кытайдан 500 млн сомго жакын грант берилген.

Курулуш иштери кыш мезгили болгондугуна карабай кызуу жүрүүдө. Каналды бетондоо үчүн атайын суукка тоңбой турган кошулмалар аралаштырылган. Адистер тарабынан ар бир аткарылган иштер тыкыр көзөмөлдө турат.

Бүгүнкү күнгө чейин 200 милион сомдук каражат бөлүнүп магистралдык канал менен кошо ички чарбалык каналдар да курулууда. Курулуш иштери толугу менен 2021-жылдын күз айларына бүткөрүлөт.