Жаңылыктар
Чакан жана орто ишкерчиликти колдоо
Экономика
Чакан жана орто ишкерчиликти колдоо

Калкты арзан үстөк пайыздуу насыя менен камсыз кылуу, айрыкча айыл чарба тармагын колдоо "РСК банктын" ишмердигинин негизин түзөт. Мамлекет 100 пайыз акциясына ээлик кылган банк былтыр дээрлик 8 жарым млрд сомго 10 миңден ашык насыя берип, анын теңинен көбү аймактагы долбоорлорго жумшалган. Мекеменин колдоосу менен жер-жерлерде ири өндүрүш ишканалары ачылууда.

Бул Бишкек эркин экономикалык аймакта жайгашкан кир жуучу, тазалоочу, идиш-аяк жуучу каражаттарды чыгарган фабрика. Ишканада 120дан ашык адам эмгектенип, күнүнө 100 тоннага чейин кир түрдүү каражаттар өндүрүлөт.

Эгер ишкананын бардык мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп, чийки зат жетиштүү болсо күнүнө 600 тонна даяр продукция чыгарууга жөндөмдүү. Фабрика былтыр “РСК банктан” тиешелүү көлөмдө насыя алып, жаңы заманбап жабдыктар сатылып алынган. Бул бир эсептен жумушту жеңилдетсе, экинчиден өндүрүмдүн көлөмүн көбөйтүүгө түрткү болду. 

Азыр кир жуучу каражаттардын 22 түрү, башка цехте шам, үй канаттууларына жем да чыгарылат. Алдыда продукциянын көлөмүн гана эмес, түрлөрүн да көбөйтүү планы бар. Бул “РСК банк” насыя аркылуу колдоого алган ондогон ишканалардын бирөө гана. Өткөн жылы аймактарда төө буурчак экспортуна багытталган, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, көмүр өндүрүү, пахтаны кайра иштетүү жана май өндүрүү, ага катар кирпич, сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы эмеректерди чыгарууга багытталган ишканалар ачылып, учурда ийгиликтүү иштеп жатат. 

2019-жылы санариптештирүү багытында да көлөмдүү иштер жасалды. Банкка тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, азыркы учурда аны мекеменин 40 миңден ашык кардары колдонууда. Бул өз кезегинде жарандарга, ошондой эле банк кызматкерлеринин өздөрүнө да ыңгайлуу шарт түзүүдө. 

зыркы учурда банктын насыялык портфели 14 млрд сомду түздү. Бул мекеминин тарыхындагы эң чоң көрсөткүч. 2020-жылга карата бардык багыттар боюнча өсүү ыргагын камсыз кылуу милдети коюлду.