Жаңылыктар
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу

Мындан ары мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүү же сатыкка коюу маселеси электрондук түрдө гана ишке ашырылат жана ал Мамлекеттик мүлк фондунун Аукциондук борбору аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир жаран аукционго онлайн катышып объектилерди ижарага алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, же сатыкка коюлуп жаткан имаратты сатып алуу сынагына катыша алат. Мындай кадам бюджетке түшө турган каражаттын эсебин кыйла арбытат.

Коомдук тамактануу тармагында кырк жылдан ашык эмгектенген Ольга Кравченко жеке ашкана ачуу үчүн ылайыктуу имаратты көпкө издептир. Мамлекеттик мүлктөр электрондук сынак аркылуу ижарага берилип жатканын угуп, аукционго катышып мамлекетке караштуу бул имаратты эки жылга ижарага утуп алганын айтат. Кепилдик төгүмүн жүргүзгөн ишкер учурда ишин илгерилетүү менен алек. 

Бул Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду былтыр ишке ашырган автоматташтырылган тутумдун натыйжасы. Анын жыйынтыгында мекеме былтыр ижарадан түшкөн каражаттардын суммасын мурдагы жылдагыдай 100 миллион эмес 191 миллион сомго чейин көтөрө алган. Ошондо былтыр бюджетке мамлекеттик мүлктөрдү башкаруудан 2,5 миллион сомго жакын акча түшкөн. Быйыл бул каражат дагы арбыганы турат. Себеби мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүү жана сатыкка чыгарууну жөндөгөн “Аукциондук борбор” мекемеси түзүлдү. Сатыкка 34 объектини чыгаруу каралууда. 

Электрондук порталдагы сатыкка чыгарыла турган мамлекеттик мүлктөрдүн катарына мамлекеттин эсебине конфискацияга алынган мүлктөрдүн айрымдары да аукционго коюлат. 2013-жылдан бери 125 объект мамлекеттин карамагына өткөн. Бул объектилердин кээ бирлерин бүгүнкү күндө имаратка муктаж болгон мекемелер колдонууда. 

Мекеме быйыл убагында менчиктештирилип же убактылуу пайдаланууга берилип кеткен бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу жумуштарын ыкчамдатат. Эсептер боюнча мындай бала бакча имараттарынын саны 72. Былтыр 12 бакчанын имараты кайтарылган. Ошол эле учурда акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканаларды ирилештирүү боюнча да жумуштар жүргүзүлөт. 

Муну менен катар мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнө ревизиялык комиссия көзөмөл салмай болду жана ички аудит киргизилет. Ал эми мамлекеттик ишканалардын директорлору шайлоо жолу менен бекитилет. Ишканалардагы чыгымдарды кыскартуу максатында бара-бара мамлекеттик сатып алууларды да онлайн негизде жүргүзүү жагы каралууда.