Жаңылыктар
Акыркы эки жылда эт азыктарын экспорттоонун көлөмү өстү
Экономика
Акыркы эки жылда эт азыктарын экспорттоонун көлөмү өстү

2019-жылда бир жарым миң тонна эт экспортко жөнөтүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү Иран өлкөсүнө кеткен болсо, калганы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жана коңшу Кытайга экспорттолгон.

Акыркы 2 жылда эт жана эт азыктарын өндүрүү, аны экспорттоонун көлөмү көбөйгөн. Бул малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Андан тышкары орто жана чакан бизнести колдоо максатында каржы мекемелери тарабынан берилген насыялардын натыйжасында чакан чарбалардын саны көбөйдү.

Аны менен бирге жер-жемиш, дыйканчылык өндүрүмдөрүнүн да экспорту артты. Дыйкандар чийки азыкты эмес даяр продукцияны экспорттоону өздөштүрүүдө.

Адистердин пикиринде айыл чарбасындагы бул көрсөткүч жакшы жетишкендик. Бирок, өлкөнүн тармактагы кубаттуулугун жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда жетишилген натыйжа дагы да аздык кылат.

Академик айыл чарбасы өлкө экономикасынын локомотиви экендигин айтып, тармакка өзгөчө көңүл буруу керек дейт. Өндүрүлгөн продукциянын санына эмес сапатына карап, асыл тукум мал чарбаларын, үрөн чарбаларды иштетүү зарылчылыгын белгилейт.