Жаңылыктар
Ташкентте өтүүчү футбол боюнча мелдеш болбой калды
Спорт
Ташкентте өтүүчү футбол боюнча мелдеш болбой калды

2-июнь күнү Ташкентте өтө турган Кыргызстан жана Өзбекстандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши болбой калды. Маалыматка ылайык, алдын ала макулдашкан таймаштан Өзбекстан тарап баш тарткан. 

Бирок эмне үчүн мындай болгону туурасында эч кандай себебин көрсөткөн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты. Демек Кыргызстандын курама командасы июнь айында эч кандай беттеш өткөрбөйт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118