Жаңылыктар
Моква шаарындагы кыргыз ишкерлеринин ийгилиги
Экономика
Моква шаарындагы кыргыз ишкерлеринин ийгилиги

Россиядагы мекендештер Москва шаарындагы ири соода борборлорунда Кыргызстандын тигүү тармагынан чыккан кийим-кечелерди сатып, өлкөнүн жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Базар ээлери кыргыз ишкерлери үчүн соода орундарын берүүгө даяр. Ал арада борбор шаардык “Москва Сити” эл аралык борборунда “Табарман” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. 

Кесиби боюнча медайым Роза Маматова мындан 15 жыл мурда Россияга көпчүлүк катары, иштейм деп келген. Алгач эле “Черкизово” базарында соодачылык менен алектенет. Ал жак жабылган соң, жаңы курулган “Садовод” соода комплексинен ишин уланткан. Ошентип 2009-жылдан тартып “Кыргызстанда жасалган” деген белги менен чыккан кийим-кечелерди сатууну жайылтып келет.

Бүгүнкү күндө соода комплексинде 800гө жакын кыргызстандык жаран эмгектенет. Анын жетекчилиги да Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен кызматташууга даяр. Мындан сырткары, жетекчилик комплекстин жаңы курулуп жаткан бөлүгүнөн атайын орундарды берүүнү пландоодо.


Биздин мекендешибиздин өлкөнүн өнөр жайына кошкон салымы бааланбай калган жок. Ал "ТABARMAN AWARDS - 2019" сыйлыгына ээ болду. Роза Маматова “Россия базарында кыргыз брендин жайылтууга салымын кошкон мыкты ишкер” наамынын ээси аталды.

Сыйлыкты тапшыруу аземи “Москва Сити” эл аралык иш борборунун “Империя” мунарасынын 43-кабатында өттү. Иш чаранын уюштуруучусу Марсель Салахуновдун айтымында, ишкерлердин ишин туура багытта жөндөп кетүүгө үйрөтүү менен, бул тармактагы ишеничин бекемдөө керек.