Жаңылыктар
Бакдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утуп алды
Спорт
Бакдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утуп алды

Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, бул мелдеш Ирандын Решт шаарында өткөрүлүүдө. Расулбеков 96 кг салмак ченинде катышты. 

Спортчу штанганы жулкуп көтөрүү боюнча 165 кг жана түртүп көтөрүү боюнча 206 кг болуп, жалпы 371 кг көтөрүп, өзүнүн салмагында чемпион аталды. Бул турнир рейтинг катары бааланып, олимпиадага жолдомо утууга жардам болмокчу.